"Кыргыз авиакомпаниясынын жалгыз учагы мотору жок учпай калды", - деп бүгүн, 18-январдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Тазабек Икрамов айтты. Ал ата мекендик компаниялар банкротко учурап, өлкөдө менчик компанияларга көз карандылык пайда болгонун айтып, буга тийиштүү адистердин жоктугун себеп кылды.
"Кыргыз авиациясынын көйгөйүн канткенде жоёбуз? Эмне үчүн улуттук авиакомпания банкрот болуп, жалгыз бир учагы мотору жок учпай калды. Жеке менчик компанияларга бүт өлкөбүз көз каранды болуп калдык. Кантип алар пайда көрүшөт да биздин улуттук компания банкрот болууда. Анткени бул кадр маселесине байланыштуу. Аэропортто авиациянын табиятын түшүнбөгөн, кесибин билбеген жетекчилер отурат. Улуттук компанияны банкрот кылып, Европадагы "кара тизмеден" чыгара албаган жетекчини сиздер кармап отурасыздар", - деп өкмөттүн өкүлүнө кайрылды Икрамов.