Депутат Чүйдө сүт жылдагыдан 5 сомго арзан болуп жатканын айтты

Бүгүн, 18-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Урматбек Самаев Чүй облусунун аймагында сүттүн баасы жылдагыдан 5 сомго чейин арзан болуп жатканын айтты. Эл өкүлү айыл чарбасын колдоо максатында өкмөттү бул тармакка көңүл бурууга чакырды.

"Чүй облусунун 15 пайызы сүт менен каражат таап, үй-бүлөсүн багышат. Жыл сайын январь айында сүттүн баасы 20-22 сомду түзчү. Тургундар быйыл 15-17 сомго чейин болуп жатканын айтышууда. Сураштырсак, күзүндөгү чек ара чырына байланыштуу экенин айтып жатышат. Мүмкүн, чек арага байланышы жок, учур менен пайдаланып жасалма баа коюп алышкан. Өкмөт ушул маселени тез арада карап көрүүсүн өтүнөт элем", - деди Самаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aman0296
2018-01-18 11:40:23
Молодец
0
Ayida
2018-01-18 11:41:39
Койгулачы 30 сом жылдагыдай эле баа!Суттун твороктун арзандаганын корбодум.Айран 40 сом.Эгер арзан болгондо биз дагы арзан алмакбызго
-1
Gena1
2018-01-18 12:11:28
Урматтуу депутаттар! Арзандаса ыйлактабай, шарт тузуп, талапты коюп, бааны арзан, жарандар кыйналбай турган кылсанар.
0
Arlenchik
2018-01-18 18:34:33
Ayida; литрлеп кунумдук ичуу учун дукондон алган суттор ошондой баада, фирмалар келип коп алгандагы баа томон болуп атат, бул депутат туура маселени козгоптур, козомолдош керек, болбосо куздогу чек аранын шылтоосу мн сутко болгон бааны тушуруп салган боюнча которбой жатышат, уй баккандардын эмгегик актабай.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан