Бүгүн, 18-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Алтынай Өмүрбекова бюджеттик каражаттар мектептерди, бала бакчаларын курууда натыйжалуу пайдаланылбай жатканын айтты. Эл өкүлү буга мисал келтирип, бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга чакырды.
"Мамлекет тарабынан салынып жаткан бала бакчаларда да бир нече маселе бар. Так айтып кетсек, Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айыл өкмөтүндө да 2013-жылдан бери салынып жаткан бала бакча бар. Чоң айыл өкмөт, бала бакча жок. Эл абдан муктаж болуп жатат. Бирок бүгүнкү күндө ошол бала бакчага 17 миллион сом бөлүндү. Өзүнүн баасы 33 миллион сом экен. Демек, акчанын жарымынан көбү берилген. Бирок ал жерде бүгүнкүгө чейин бетон түркүктөр турат. Комиссия түзүп, ошол жерден барып сурасак, куруучу “бул акча мага жетпейт, бакча сала албайм" дейт. Себебин сурасам “долбоорлоочулар ката кетириптир” деп айтып жатат.
Мен ойлойм, бул жерде тендерди утуу максатында башында бааны төмөндөтүп, анан кошумча бөлүнөт деген максатта баштаган. Мени кызыктырганы - бул жалгыз эле окуябы же мындай окшоштуктар өлкөдө көппү? Мамлекеттин акчасы өзү тартыш болуп турган чакта мындайга жол берилбеш керек", - деди Өмүрбекова.