"Бизди "Ала-Арча" VIP-шаарчасынын башкармалыгын басып алды деген маалымат туура эмес, бул чындыкка дал келбеген маалымат. Жөнөкөй маселени айрым адамдар саясатка айлантып, чагымчылдык аракеттерди жасашууда", - деп бүгүн, 18-январда SUPER.KG порталына саясатчы Феликс Кулов билдирди.
"Жакында шаарчанын коопсуздук кызматына Игорь Итибаев деген жаңы жетекчи келген. Ал мурунку кызматкерлерди иштен бошотуп, жаңы кызматкерлерди алып жаткан. "Ала-Арча" VIP-шаарчасы "Ала-Арча-1" жана "Ала-Арча-2" деген 2 бөлүктөн турат. Биз Ахматбек Келдибеков жана биздин үй-бүлө "Ала-Арча-1де" турабыз. Биз, "Ала-Арча-1дин" жашоочулары "мурунку коопсуздук кызматкерлери кала берсин, биз аларга ишенебиз, силер кааласаңар жаңы коопсуздук кызматын алып келип алгыла" дегенбиз.
Кечээги окуя болгон имарат ошол мурунку коопсуздук кызматы турган пост. Ал жеке менчик жай, аны пост катары пайдаланып туралы деп ээсинен сурап алганбыз. Шаарчанын башкармалыгынын башка жерде өзүнүн посту бар, ал жерге жаңы коопсуздук кызматкерлерин коё бергиле дегенбиз. Бирок алар жеке менчик жайдагы мурдагы коопсуздук кызматкерлери турган посттун имаратын күч менен басып алууга аракет кылышып, ага аргасыз аралашып калдык.
Жаңы келген коопсуздук кызматынын жетекчиси Игорь Итибаев мурда саясатчы Марат Иманкулов менен иштешип жүрүп чатакташа кетип, анан бул жакка жумушка келген. Бул жакта да чатак чыгарып жатат, саясат жасап көнгөн адам экен, жок жерден чагымчылдык кылып, журналисттерди чакырып, ызы-чуу жасап жиберди. Ал эми биз тууралуу ЖМКларга байма-бай маалымат берип жаткан Евгения Кухта аттуу аял бул жакта үйү бар, бирок жашабайт, шаарчанын ички иштерин толук да билбейт", - деди Кулов.
Андан сырткары ал аталган маселе кечээ түндө чечилгенин, эки тараптан тең адамдар кирген комиссия түзүлүп, коопсуздук кызматкерлерин алмаштыруу маселесин талкуулашарын айтты.
Айта кетсек, кечээ, 17-январда "Ала-Арча" VIP-шаарчасынын тургундары Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков, жубайы Аида Токтоматова жана мурдагы депутат Феликс Куловдун жубайы Фатима Абдырасулова шаарчанын башкармалыгынын имаратын басып алганын айтып чыгышкан.
Кийин Чүй ОИИББинен аталган окуя боюнча тергөөчүлөр барып иш алып барып жатышканын билдиришкен.