2017-жылы 12 Кыргыз жараны жынысын алмаштырган. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жарандар мыйзам боюнча өзүнүн жынысын алмаштырууга толук укугу бар. Ага ылайык, медициналык мекемеден берилген документтердин негизинде Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылган 12 жаран жынысын алмаштырып, аты-жөнүн өзгөрткөн", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Мамлекеттик каттоо кызматы билдиргендей, мындан тышкары жарандык абал боюнча өзгөртүүлөр жарандык каттоого турууда туура эмес же толук эмес жана орфографиялык каталарга жол берилгенде кайрадан өзгөртүүгө жол берилет.