Депутат: "Мектептерде окуучуларга уюлдук телефон көтөрүүгө тыюу салуу керек"

Бүгүн, 18-январда Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргызстан" фракциясынан депутат Урматбек Самаев мектептерде окуучулардын уюлдук телефон көтөрүүсүнө тыюу салууну сунуштады.

Эл өкүлү билдиргендей, окуучулар уюлдук телефонго алаксып, окууга көңүл бурбай маданиятка жат видеолорду көрүп отурушат. Депутат бул багытта өкмөттү көңүл бурууга чакырды.

"Учурда мектептерде ар бир окуучунун уюлдук телефону бар. Телефон окуу процессине терс таасирин тийгизип жатат десем ата-энелер, мугалимдер да макул болсо керек. Анткени өспүрүмдөр сабак учурунда окуу менен алек болбостон, ар түрдүү социалдык сайттарда отурушат. Маданиятыбызга туура келбеген видеолорду көрүп, ар кандай уят сайттарга кирип жатышат", - деди Самаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
aszyma
2018-01-18 14:34:43
Мен колдойм 100%
+16
Elitta
2018-01-18 14:47:52
Эн негизги маселе,ушул иштин аягына чыгыш кк!
+9
kirgiz.....
2018-01-18 14:55:45
Жон эле айтып койбой аягына чыгуу керек. Эн туура сунуш.
+9
jbolotov
2018-01-18 15:00:35
Мугалимдер инернеттен таап жазып келгиле деп тапшырма берет экен, ошонуда жойсонор болмок.
+6
Nurik1988
2018-01-18 15:06:24
Жакшы идея аяагына чыккыла
+6
dastan_nookat
2018-01-18 15:10:23
Жакшы экен мен да колдойм
+5
aiba.8327
2018-01-18 15:41:31
мурун еле тыйуу салыш керек еле эми деле кеч емес колдойм 100000%
+6
Aitunuk
2018-01-18 15:48:09
Мен каршымын, бугунку коопсуз заманда баландан кабатыр болбош учун телефон зарыл. Сабак учурунда телефонду колдонууга педагог уруксат бербеш керек. Мугалим талапты катуу коё билсе, окуучу да угат. Азыркы кундо ар бир мектептин иштеп чыккан талаптары бар, ошонун бир пункуту катарында "сабак учурунда телефон пайдаланууга болбойт" деп гана киргизуу керек.
-3
ice87
2018-01-18 16:24:24
Тыюу салыныш керек!Эмне учун бирдиктуу форма киргизилген?Байдын дагы,кедейдин дагы баласы бирдей болсун деп.Колунда барлардын баласы тел.которсо башкалар да алгысы келет.Бир эже айткан 4-кл.окуган кызыма 11-кл.окуган балам сваркада 1 ай иштеп тел.алып берди 6000ге деп.Атасы жок жалгыз багам,балам оз кучум менен окууга окуйм деп тырышып окуйт,библиотекага пешком барып окуйт.Тел.жокторду кемсинтишет экен деген.
+3
almanbetperm
2018-01-18 16:25:56
Эми башынарга жеттиби,дагы бир жолу жазып кетейин,4 жыл мурда киргизилген бул нерсе. Озгон районундагы Кызыл сенир айылында, ал нерсе директордон эле зависит этет
+3
Tortkul2017
2018-01-18 16:40:15
Бир жагынан карасаң тыюу зарыл, экинчиден шаар жеринде телефонсуз балдарды таштай албайсын, дайым жетелеп артынан жүрө албайсыңда. Бирок ошол телефонду арзан, интернети жок гана телефонго уруксат берсе болот, менин жеке оюм! Ал эми айыл жеринде телефонго такыр тыюу салса болот!
+4
nazira...
2018-01-19 09:12:01
Tortkul2017,Мен кошулам сага.Мен балдарыма интернетке кирбеген,даже сурот тарта албаган тел.сатып бергемин.Ошонусу да 1000 сом турат экен,учооно 3000 сом болду.Мурункуларын алып сейфке катып салдым,даже ноутбукту да.Эми жыргап эле калбадымбы,кечинде эрте жатышат,коп китеп карап калышты,уйго эрте келишет,мени менен коп суйлошуп калышты.Кечинде интернет керек болсо сабактарына,ноутбукту чыгарып берем да бутушкондо кайра салам,ал да кээде.Бардык ата-эне ушинтсе атааандаштык да жоголот беле.
0
RaHat19
2018-01-18 20:34:28
мектепте жана айланасында антенна чыкпагыдай кылыш керек.Себеби мугалим да сабак учурунда телефон менен суйлошпосун.Чалуулар болсо эле тышка чыгып кетет.
+1
bakulya2015
2018-01-20 15:15:34
Мисалы биздин мектеп ата-энелер менен чогулуш откоруп чечим кабыл алганбыз телефон котурушпойт. Мугалимдер сабак учурунда иштетишпейт. Бирок таасири чон баары сабакка конул бурушат. 1жумада эки жолу милиция келип кабар алып текшерип турат.
0
bakulya2015
2018-01-20 15:18:48
Биздин чондордун чечими чыкканга чейин убакыт коп. Булар айтып и унутупта коё берет. Айтканы менен дагы эле ошо ошо оздорунун же уй булосун башкача сезгендер которо берет. Главный мектеп жетекчиси жана ата энеге коз каранды ата энелер уйдо алып калсын которушпой оздору колуна алып берет.
0
take19
2018-01-20 19:47:22
Биздин мектепте мындай чечим 5 жыл мурда эле кабыл алынган. Депутат жаңылык деле киргизип жаткан жок.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан