Кыргыз жерине жасалма паспорт менен кирүүгө аракет кылган Кытай жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Казакстандан Кыргыз жергесине кирип жаткан адам чек ара кызматкерлерине Өзбекстандын паспортун көргөзгөн.
"Анын паспортун текшерген учурда сүрөтү алмаштырылганы аныкталган. Сурак учурунда ал 41 жаштагы М.Т. аттуу Кытайдын жараны экенин, паспортту Түркиядан жасатканын айткан. Бул факты боюнча тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган адам УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген", - деп айтылат маалыматта.