Президент Сооронбай Жээнбеков коопсуздук кеңешинин курамына президенттик аппараттын жетекчисин, Башкы прокурорду киргизүү боюнча мыйзамына кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 7-декабрында кабыл алынган.
Кабыл алынган мыйзамдын максаты - коопсуздук кеңеш чечим кабыл алууда уюштуруу маселелерин ыкчам чечүү, ошондой эле чечимдерди кабыл алуу тартибин өркүндөтүү.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.