"Жайыл районундагы Ставрополовка №34-орто мектебинде 10-класстын окуучуларынан кабинетке линолеум алууга деп 1400 сомдон чогултуп жатышат" деген билдирүүнү окурман WhatsАpp аркылуу "Элдик кабар" рубрикасына жиберди.
"Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айыл өкмөтүндөгү Ставрополовка №34-орто мектебинде 10-класстын окуучуларынан кабинетке линолеум алуу керек деп 1400 сомдон чогултуп жатышыптыр. Чынын айтыш керек, бул айылда ар кандай үй-бүлөлөр бар. Алардын көбүнүн иштеген иши жок. Эптеп балдарын окутууга аракет кылышат, бирок акча чогултуулардын айынан бир топ балдар билимсиз калышы мүмкүн. Негизинен эле аталган мектепте улам сайын эле ар кандай шылтоо менен акча чогулта беришет. Муну көзөмөлгө алган бирөө барбы? Дегеле айылдагы мектептерди оңдоп-түзөө иштери кимдин милдети?" - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.