Парламентте Кызыл китепке кирген жаныбарлар менен өсүмдүктөрдү аткезчилик менен алып өткөндөрдү 3-7 жылга чейин эркинен ажыратуу маселеси талкууланды. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда Жогорку Кеңештин жыйынында каралды.
Экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков билдиргендей, мыйзам долбоору Кызыл китепке киргизилген жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилерин сактоо максатында даярдалган.
Мыйзам долбоорунда чек ара аркылуу жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү алып өткөндүгү үчүн мүлктөрдү конфискациялоо менен 3-7 жылга чейин эркинен ажыратуу түрүндө жазалоо каралган.
Талкууда КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоору айып пулдардын көлөмүн жогорулатууга багытталгандыгын айтты. "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев айрым жарандар Кызыл китепке кирген кандайдыр бир өсүмдүктү билбестен үзүп алган болсо, ал 3-7 жыл эркинен ажыратылабы деген суроо берди.
Баяндамачы Алмаз Сазбаковдун айтымында, эгер жаран билбестен үзүп алса ага айып пул гана салынат.