Президент аймактарды башкарууда жергиликтүү бийлик органдарынын жоопкерчилигин күчөттү

Президент Сооронбай Жээнбеков аймактарды башкарууда жергиликтүү бийлик органдарынын ролун, жоопкерчилигин күчөтүү жана мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуу боюнча чаралар жөнүндө буйрукка кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Буйруктун максаты - элдик бийликтин үстөмдүгү принциптерин ишке ашыруу, мамлекеттик жана муниципалдык башкарууну уюштурууга системдүү мамилени өркүндөтүү. Бийлик органдары менен калктын ортосундагы эриш-аркак байланышты бекемдөө зарыл.

Буга карата жумушчу топ түзүлдү. Жумушчу топтун курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер, президенттик аппараттын кызматкерлери кирди. Топту президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов жетектемей болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан