Мамлекеттик каттоо кызматы депутат Жылдыз Мусабековага жооп кайтарды. Бүгүн, 18-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында аталган депутат Мамкаттоо кызматынын катачылыгы менен берилип кеткен 40 миңден ашык балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү алмаштырууда 120 сомдон акча алынып жатканын айткан болчу.
Мекеменин басма сөз катчысы Мелис Эржигитов SUPER.KG`ге депутаттын айткандарын төгүндөдү.
"Бүгүнкү күндө Мамлекеттик каттоо кызматынын катачылыгы менен берилген күбөлүктөрдүн баары акысыз алмаштырылып жатат. Эгер ошондой конкреттүү факт болсо, ошол даректи, убактысы менен ким тарабынан андайга жол берилип жаткандыгы тууралуу маалыматты бизге берсин, териштирүү иштерин жүргүзөбүз. Учурда туура эмес берилген күбөлүктөрдүн 90 пайызы алмаштырылып бүтүп калды. Алардын баары акысыз жүргүзүлүүдө", - деди Эржигитов.