“Бажылык башкаруу системинин санарипке өтүшү коррупцияга каршы жасалган кадам”, - деп бүгүн, 18-январда SUPER.KG порталына экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков билдирди.
Анын айтымында, аталган систем мурда кагаз түрүндө жүрүп келген.
"Бажылык башкаруу системи бүгүнкү күнгө чейин кагаз түрүндө жүрүп келет. Бажы кодексинин негизинде аталган систем санариптештирилет. Товарларды каттоодон баштап, чыгарууга чейин маалыматтык-аналитикалык систем кабыл алат. Адамдын таасири болбойт. Бул коррупцияга каршы жасалган кадам. Ошондой эле ишкерлерге жөнөкөй шарттарды түзөт. Мындан тышкары декларациялар каттоодон өткөндө, товарларды чыгарууда убакыт кескин түрдө кыскарат. Буга чейин чек арадан товар өткөрүү мөөнөтү 2 сутка болсо, эми ал 4 саатка чейин кыскартылат. Бажы декларациясын каттоо мөөнөтү 2 саат болсо, эми 1 саат болот", - деди министрдин орун басары.
Эске салсак, ЕАЭБдин Бажы кодекси 1-январдан баштап күчүнө кирген. ЕАЭБдин Бажы кодекси Орусия, Казакстан, Беларусь, Армения жана Кыргыз мамлекети мүчө болгон уюмдун негизги документтеринин бири болуп саналат.