ЖЫЛНААМА, 19-ЯНВАРЬ: Белгилүү ырчы жана композитор Мурат Насыров каза болгон

Казакстандык белгилүү ырчы жана композитор Мурат Насыров 2007-жылы 19-январда баңгизаттын күчүнөн улам Москвадагы өзү турган үйдүн бешинчи кабатынан секирип кеткен. Ырчынын сөөгү өзү төрөлүп-өскөн Алматы шаарында 22-январь күнү жерге берилген.

Белгилүү ырчы, композитор Мурат Насыров 1969-жылы 13-декабрда Алматы шаарында төрөлгөн. Улуту уйгур, ырчынын атасы учурунда такси айдап үй-бүлөсүн баккан, апасы фабрикада жумушчу болуп иштеген. Мурат беш бир туугандын кичүүсү болгондуктан абдан эрке өскөн. Ырчы кичинесинде көпчүлүк­төн алыс болгонду жакшы көрчү. Ошондон улам үйүндөгүлөр Муратты ырчы болот деп ойлошкон эмес. Анын музыкага болгон кызыгуусу жети жашынан ойгонгон. Гитара чертүүнү үйрөнүп, өзүнө жаккан ырлардын обондорун ойной баштайт. Ошондо эле анын музыкалык шыгы байкалган. Музыкадан тышкары математика, физика деген сабактарды кызыгуу менен окуган. Мектепти аяктаган соң аскерге чакырылат. Аскерден келген соң ырчы чыгармачылыкка жан дили менен берилип, “Москвага барып чыгармачылыгымды улантсам” деген ойго арбалат. Буга, албетте, ата-энеси каршы чыгат. Бирок өзүн сахна адамы элестетип алган Мурат эч кандай тоскоолдукка, апасынын ыйлаганына да карабастан 1989-жылы Москвага сапар алат.

Үй-бүлөнүн көңүл борборунда өскөн болочок ырчы Москвага келгенде бир топ кыйынчылыктарды башынан өткөрөт. Адегенде ал өзү менен аскерде кызмат өтөгөн досунукунда жашайт. Экөө “Новый порт” деген рок-тобун түзүшүп, алгач чакан кечелерде ырдап чыга башташат. Кийин музыкалык билим керектигин ойлоп, музыкалык окуу жайга тапшырат. Өзүнөн көп нерсени талап кылган Мурат “Ялта-1991” сынагына катышып, Гран-прини утуп алат. Ошондон кийин Мураттын чыгармачылыкта жолу ачылат. Көп узабай ал “А-Студио” тобу менен таанышып, Мурат Насыровдун казак жердештери ага болгон жардамдарын көрсөтүшөт. “Мальчик хочет в Тамбов” деген ыры анын атын чыгарат. “Кто-то простит” аттуу альбому, “Лия” деген ыры менен популярдуулукка жетишип, ырчы орус шоу дүйнө­сүн­дө өз ордун тапкан. Мурат Насыров чыгармачылык жашоосунда өз улутунда, тагыраак айтканда, уйгур тилинде альбом жаздырып чыгарууга жетишкен эмес.
Ырчы орус улутундагы Наталья аттуу айымга баш кошуп, Лия деген кыздуу жана Аким аттуу уулдуу болгон.
19-январдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан