Экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков Бажы кодекси күчүнө киргенде кандай өзгөрүүлөр болгонун түшүндүрдү. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-январда SUPER.KG порталына айтып берди.
Евразиялык экономикалык биримдиктин Бажы кодекси 1-январдан баштап күчүнө кирген. ЕАЭБдин Бажы кодекси Орусия, Казакстан, Беларусь, Армения жана Кыргыз мамлекети мүчө болгон уюмдун негизги документтеринин бири болуп саналат.
Министрдин орун басары билдиргендей, Бажы кодекси 5 мамлекет үчүн ЕАЭБдин мейкиндигинде ачык жана бирдей бажылык жөнгө салууну түзөт.
"5 өлкөдө бирдей шарт, бирдей эреже болот. Бажы мамилелерин жөнгө салып, соода жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн кеӊейтет. Дыйкандарга, ишкерлерге товар алып өтүүдө жеңилдиктер болот. Тышкы соода кылган ишканалар товарларды импорттоп же экспорттой турган болсо Бажы кодексинин негизинде жеңилдиктер болот", - дейт Сазбаков.