Бишкекте Кыргыз мамлекети менен Казакстандын ортосунда Чүй жана Талас облустарындагы суу ресурстарын пайдаланууну башкаруу боюнча стратегиялык программа талкууланып жатат. Талкуу эки күнгө созулат. Ага эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү жана адистер катышууда. 18-январдагы талкууда адистер Чүй, Талас облустарындагы суу сактагычтардагы суу эффективдүү пайдаланылбай жатканын айтышты.
Буга чейин алар эки ирет жолугушуп программаны талкуулашкан. Анда суу эффективдүү иштетилбей жатканы боюнча маселелерди жоюу болгон. "Азыркы учурда эки өлкө тарабынан сууну эффективдүү пайдалануу боюнча бир катар чаралар көрүлүп жатат. Ошого карабай маселелер жоюлган жок", - дешти.
Суу ресурстарын пайдаланууну башкаруу боюнча стратегиялык программа 2040-жылга чейин деп көрсөтүлгөн. Анда суу бассейндериндеги сууну натыйжалуу пайдалануу, сууну таза сактоо, жер жана башка жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдалануу чаралары камтылган.
Белгилей кетсек, Казакстан стратегиялык объект катары аталган эки облустун суу сактагычындагы суулардын 70-80 пайызын пайдаланып келет.