Депутат жол коопсуздугуна арналган жыйынга ички иштер министри Улан Исраиловдун келбегенин сындады

Бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештеги “Республика-Ата Журт” фракциясы жол коопсуздугун камсыз кылуу маселелерин жана аны аткаруунун иш-чаралар планын бекитүү боюнча маселени карады. Анда баяндамачылардын бири катары ички иштер министри чакырылган болчу. Бирок ИИМ башчысы Улан Исраилов фракциянын отурумуна келбегендиктен депутат Зарылбек Рысалиев анын бул кадамын сынга алды.

"Биз министрди суроолорго жооп алыш үчүн эле чакырбайбыз. Маселени чечүүнүн жолун табуу үчүн министрди чакырып жатабыз. Абалды көрүп жатабыз. Жол кырсыктары өсүп жатат. Эмне үчүн министр өзү келбейт. Менин министрдин өзүнө суроом бар болчу. Ал эмне, бизди тоготпогонубу? Кайсы жерге барбайлы, министрдин орун басары Курсан Асанов келип жатат. Анда Курсан Асановду эле министр кылып коёлу", - деди Рысалиев.

Жол кырсыктары боюнча баяндама жасаган вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев жана ИИМ башчысынын орун басары Курсан Асанов министр Улан Исраилов ооруп калгандыктан жыйынга келбей калганын айтты.

Айта кетсек, Зарылбек Рысалиев 2010-2012-жылдары ички иштер министри болгон.

Рысалиев: “ИИМ башчысы Исраиловду Курсан Асановго алмаштыралы“
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
KGstan1981
2018-01-19 11:12:15
Улан Исраиловтун крышасы кучтуу.У.Исраилов депутатарды тоготпойт.Качан Аташка биротоло саясаттан кеткенде гана Улан Исраиловта жумуштан бошойт.
+3
Asel1Aikol
2018-01-19 11:35:02
KGstan1981, туура айтасыз крышасы күчтүү экени көрүнүп эле турат го! Бирок крышам бар деп депутаттарды тоготпой койгону болбойт даа !! Жол кыймылынын кызматкерлери аябай эле кутурушту го !!бири минтип жыйынга келбей ооруп калса бири болсо жол кырсыгына кабылып жакшына басып барып коляскага отуруп чыга калып жогору жактан карап койуп эле отурушат мыйзамды иштебегени да
+1
KGstan1981
2018-01-19 11:59:40
Asel1Aikol,Кече мен бир коментарий жазган элем.Ошону сага дагын жазып берейин.Жээнбеков президентке ант берип жатып мен Атамбаевтин жолун жолдойм деген созу бар.Качан гана Жээнбеков Атамбаевке куурчак болбой Озбекстандын президенти Мирзиеевтой оз алдынча кучтуу жана эрктуу президент болгондо гана.Ошол министерди жумуштан кетирип жада калса эки жыл алган айлыгын кайра мамлекеттин казнасына толотот.
+2
kechirmeni
2018-01-19 14:15:59
Иштебесе кетсин!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан