Кечээ, 18-январда Европанын бир канча өлкөлөрүндө катуу шамал орун алып, жыйынтыгында 10дон ашуун адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, көптөгөн кыйроолорду алып келген шамалдын жыйынтыгында Германиянын 6 жашоочусу, Нидерланды өлкөсүнүн 2 жараны жана Италия менен Бельгиянын бирден тургундары каза болсо, дагы бир канча адам жабыр тартышкан.
Ошондой эле аталган өлкөлөрдөгү жол кыймылдарына жана аба каттамдарына тоскоолдук жаралып, айрым мектептер убактылуу жабылган.