"Акылдуу шаар" долбоору Бишкек жана Ош шаарларында бир жарым жылдан кийин ишке кирет. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда "Республика-Ата Журт" фракциясынын жол кырсыктарына арналган фракция жыйынында вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев билдирди.
Анын айтымында, "Акылдуу шаар" долбооруна Бишкек жана Ош шаарлары, Бишкек-Ош жолу, Бишкек-Чолпон-Ата жолу, ошондой эле Бишкектен "Манас" аэропортуна барчу жолдор кирет.
"60 миллион долларга бааланган долбоор 5 жылга каралган. Бир жарым жыл ичинде Huawei менен шериктеш инвесторлор Бишкек жана Ош шаарларында видео жана фотокамераларды орнотуп чыгат. Өкмөткө техникалык түшүндүрмөлөр берилгенде, канча камера орнотула турганы белгилүү болот. Менин оюмча, 150-200 миң камера орнотулат. Мындан тышкары инвесторлор биздин адистерди окутуп даярдашы керек", - деди Кенекеев.
Вице-премьер министрдин айтуусу боюнча, Beijing China Veterns Lingxin Capital Management жана ОсОО "Ака минералз энд майнинг" компаниясы долбоорго инвестор болот. Ал эми Huawei камераларды орнотуу, камсыздоо боюнча долбоорду ишке ашырат.