Жол кыймылынын инспекторлорунун жаңы формаларына бюджеттен 1 миллион 700 миң сом коротулду

Жол кыймылынын коопсуздугу башкармалыгынын кызматкерлери үчүн формаларга бюджеттен 1 миллион 700 миң сом коротулду. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын жол коопсуздугуна арналган жыйынында мекеменин жетекчиси Канат Жумагазиев билдирди.

Депутат Жыргалбек Турускулов Жумагазиевге кайрылып, кызматкерлерди жаңы форма менен камсыз кылбай, жол кыймылын көзөмөлдөөчүлөрдү өз эсебинен алууга мажбурлап жатканын айтты.

"Айрым кызматкерлер айтып жатышат, бирок ачык айткандан коркушат экен. Силер "формаларды өз эсебиңерден алгыла" деп айтып жатыптырсыңар", - деди Турускулов.

Жол кыймылынын коопсуздугу башкармалыгынын башчысы Жумагазиев берилген формалар жетишпей жатканын айтты.

"Биз биринчи кезекте көчөдө турган кызматкерлерди форма менен камсыздадык. 1 миллион 700 миң сомго форма алганбыз. Бул бардык кызматкерлер үчүн жетишсиз, ошондуктан айрым кызматкерлер өз чөнтөгүнөн формасын алмаштырууга аргасыз болуп жатат", - деди Жумагазиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
KGstan1981
2018-01-19 12:29:03
Буга окшогон свето отражающий чызыгы бар формаларды.РФте трактор,автобуз,мусуровоз минген шопурлар бекер эле алышып кийип журушот.Негизи форманы эмес ИИМдин структурасын толугу менен алмаштырыш керек.ИИМге уставты,мыйзамды мыкты билген курсагы жок спортивный телосложениядагы кызматкерлерди алыш керек.
+3
ASEL252530
2018-01-19 13:42:19
KGstan1981,ой тим эле рф де деп ал жер деле светоотражающий форма кийишет полиция деле если на то пошло, озу мне жагат адамдарга , согласна адам озгоруш керек бирок биз сыйлабасак милицияны башка ким сыйлайт
-2
Muratmipa
2018-01-19 12:39:39
Форма алмашканда эмне бекер эле ысрапкорчулук бул андан коро журокту тазалаш керек илт алмаштырыш керек
+2
Ermekbai
2018-01-19 12:53:52
Жыйынтык жок. Жөн эле чыгым биздин эсебизден чыгып кылып жатасыңар акмактааар. Эртең өлгөндө жоооп беришти унутпагыла элдин акысын жегендер
+1
pompowa
2018-01-19 13:51:56
бекерге алышпайтго акчага тиктиришен не мамлекет бердиби
-1
kubinez
2018-01-19 14:19:27
1 миллион 700 миң сом!!!! Жөндөн жөң эле акчаны крото беришет же бир пайда болсочу андан корок ушул акчаны жетим кем багалдарга каарылар уйуно берсе кичине толк болмок.
+2
Rifle_I
2018-01-19 14:39:05
Көздөрү бир күнү оюлуп түшөт.
Кошумча фарларды коюп, же туура эмес настройка кылган автомашиналарды көрүшпөйт. Кармап фарларын конфискация кылып, штрафты салышпайбы.
+1
karakulja
2018-01-19 14:40:09
Тюремшики...
-1
Kyialbek0410
2018-01-19 15:14:44
Эски форма болсо дагы жамандайсынар жаны болсо да дагы чукуйсунар не болуп калган силерге
0
Kyialbek0410
2018-01-19 15:19:46
Заманга жараша формада озгоруп туруш керек жакшы жарашыктуу форма бул кыргызстандын жузу
-1
ASEL252530
2018-01-19 16:08:02
Kyialbek0410, ошону айтсаныз
0
Muratmipa
2018-01-19 16:49:06
Kyialbek0410,и еще кыршызды ушинтип жарга туртосунор ар кайсы мамлекеттен акча карызга ала берип
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан