Чүйдөгү 20 миңге жакын үй курулган жерлерди трансформациялоо талабы менен тургундар Өкмөт үйүнүн алдына чогулду

Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн районунда жашаган тургундар Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты. Алар өкмөттөн үй салып алган жерлерин трансформациялоону талап кылышууда. Учурда аталган эки райондо жалпы 20 миңге чукул үйдүн документи жок.

Алар жерди трансформациялоо маселеси чечилбегендиктен балдарын бала бакча, мектепке киргизүү сыяктуу маселелери чечилбей жатканын айтышты.

Митингге чыккандар өкмөт өкүлдөрүнө жолугууга аракет кылышты. Бирок өкмөт өкүлдөрүнүн бош убактылары болбой, жолукпагандыгына байланыштуу тургундар 20-январда кайрадан митингге чыкмай болушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aiba.8327
2018-01-19 12:42:38
аха убагында кызыл китеп чыгарып беребиз деп алдап сатышып эми эл оздору чуркап жаташат да ээ ошондо
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан