Бүгүн, 19-январда Жогорку Кенештеги "Республика-Ата Журт" фракциясы жол коопсуздугу маселесин карады. Жыйынга вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев жана ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов баштаган ИИМдин өкүлдөрү катышты. Анда депутаттар "Акылдуу шаар" долбоорун Бишкек-Ош, Бишкек-Торугарт жолунан баштоону сунуштады.
Буга Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгынын жетекчиси Канат Жумагазиевдин "эң көп жол кырсыктары, андан каза болгон окуялар Бишкек-Ош жана Бишкек-Торугарт жолдорунда болууда. Бул жолдордо 2017-жылы 578 жаран каза болгон" деген билдирүүсү себеп болду.
Мындан улам депутаттардын көбү "Акылдуу шаар" долбоорун биринчи кезекте Бишкек-Ош, Бишкек-Торугарт жолдорунан баштоону сунуштады. Өкмөт мүчөсү аталган долбоорго ылайык, 5 жыл ичинде Бишкек жана Ош шаарлары менен Бишкек-Ош, Бишкек-Торугарт, Бишкек - "Манас" аэропортунун жолдоруна видео, фото камералар орнотула турганын айтты.