Бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясы жол коопсуздугуна арналган жыйын өткөрдү. Анда депутат Зарылбек Рысалиев жаңы түзүлгөн жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгынын жетекчиси Канат Жумагазиевдин иш пландарына кызыкты.
"Сиз бул кызматка эмнелерди өзгөртөм деп келдиңиз? Сиз оперкызматкери болчусуз, эмнени жасайм деп келдиңиз? Бул жумушка кандай себеп менен келдиңиз, сынактан өттүңүзбү же бир ишти өзгөртөйүн деп келдиңизби? Кандай пландарыңыз бар?" - деп суроо салды Рысалиев.
Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Жумагазиев учурда алгылыктуу иштер жүрүп жатканын айтты.
"Эң негизгиси ушул тармакты реформалоо, жол кырсыгын азайтып, чынында көп эле жумуштар жүрүп жатат. Негизги план жол кырсыктарын азайтуу. Азыр 161 кызматкер бөлүндү иштеп баштадык. Күнүнө эреже бузган үч миңден ашык айдоочуларга айып салып жатабыз, күнүнө айып аянтчасына 200дөн ашуун унаа киргизилип жатат", - деди Жумагазиев.
Депутат Жумагазиевдин жообуна канааттанбаганын билдирип, мурдагы суроону кайра кайталады.
"Эми бул деген катардагы жол көзөмөлдөөчүнүн иши да. Сиз өзүңүз бул кызматка келе жатканда эмне пландар менен келдиңиз эле?" - деген депутаттын суроолоруна Жумагазиев жооп бере алган жок.