"Акылдуу шаар" долбоорунда адамды жүзүнөн тааный турган, шаардын бир бурчунда 20 киши чогулса ал тууралуу маалыматтарды бере турган мүмкүнчүлүктөр бар. Бул тууралуу вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев "Республика-Ата Журт" фракциясынын жол коопсуздугуна арналган жыйынында билдирди.
"Акылдуу шаардын" долбоору интеллектуалдык системдерди камсыздайт. Эки чоң маалыматтарды чогултуучу серверлер болот.
"Акылдуу шаардын" "Коопсуз шаардан" да көп мүмкүнчүлүктөрү болот. Бул адамды жүзүнөн таанып алуу, унаалардын номурларын таанып калуу сыяктуу мүмкүнчүлүктөр бар. Мисалы, терроризмге тийиштүү адамдын сүрөтү киргизилип ал шаарда жүрсө, аны шаардын ичинен тааный алат, шаардын бир бурчунда 20дай адам чогулса, ошол жерде адам чогулуп жатканын билдирип маалымат берип турат", - деди Кенекеев.
Вице-премьер-министрдин айтуусунда, өкмөт менен долбоорду ишке ашыра турган Huawei компаниясынын келишими азырынча күчүнө кире элек.
"Бул келишимде алдын ала көп нерселер жазылган. Келишим азыр күчүнө кире элек. Анткени келишимдин негизи боюнча техникалык, экономикалык түшүндүрмөлөрүн, техникалык тапшырманы, сметалык эсептерди 60 күндө компания өкмөткө өткөрүп берет. Бир жарым жыл ичинде Бишкек-Ош шаарына жолдорго видео, фото көзөмөлдөр, интеллектуалдык системдер орнотулмакчы. Долбоор 5 жылга созулат. Беш жылдын ичинде булар өздөрү иш алып барат. 60 миллионду актап, биздин адистерди окутуп тапшырып кете турган шарттар бар", - деп кошумчалады Кенекеев.