Бүгүн, 19-январда Кыргыз мамлекети менен Казакстандын ортосунда Чүй жана Талас облустарындагы суу ресурстарын пайдаланууну башкаруу боюнча стратегиялык программаны талкуулоо аягына чыкты. Иш-чара 18-январда башталып, ага эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү жана адистери катышты.
БУУнун Глобалдык экологиялык фондунун аймактык координатору Таалайбек Макеевдин айтымында, программа боюнча акыркы чечимди эки өлкөнүн ортосундагы өкмөттөр аралык комиссия кабыл алат.
"Эки күн бою программаны башынан аягына чейин талкуулап чыктык. Айтылган сунуштар киргизилип, документ бир аптанын ичинде Чүй-Талас суу чарба комиссиясына берилет. Документ комиссиянын күн тартибинде каралып, анын жыйынтыгы тийиштүү мамлекеттик мекемелерге жиберилет. Мамлекеттик мекемелер караган соң өкмөт, андан кийин эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясы карап чыгып чечим кабыл алмакчы. Жыйынтыгында программага киргизилген долбоорлорго эл аралык уюмдар тарабынан каражат бөлүнөт. Каражат гранттык жана жеңилдетилген өлчөмдө кабыл алынат", - деди Макеев.
Программада суу бассейндериндеги сууну натыйжалуу пайдалануу, сууну таза сактоо, жер жана башка жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдалануу чаралары камтылган.
Белгилей кетсек, Казакстан стратегиялык объект катары Орто-Токой суу сактагычындагы суунун 40 пайызын, Киров суу сактагычындагы суунун 80 пайызын пайдаланып келет.