Легендарлуу футболчу Пеленин ден соолугу начарлап ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу "Reuters" агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, 18-январь күнү Пеле эси ооп жыгылып, ооруканага жеткирилген. Дарыгерлердин айтымында, 77 жаштагы футболчунун организми алсырап кеткен. Учурда "футбол королунун" организмин калыбына келтирүү процедурасы жүрүүдө. Анын өмүрүнө эч кандай коркунуч жок.
Айта кетсек, футболчу Лондондо өтө турчу футбол журналисттеринин ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолугушууга келиш керек болчу. Бирок Пеленин ден соолугуна байланыштуу жолугушуу жылдырылды.
Эл аралык футбол федерациясынын версиясы боюнча Пеле - жыйырманчы кылымдын мыкты футболчусу деп табылган. Ошондой эле ал Бразилиянын курамында футбол боюнча Дүйнө чемпиондугун үч жолу утуп алган.