"Түндүкэлектр" ишканасы эми маалыматтарды мессенжерлер аркылуу кабыл алат. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ишкана Фейсбук жана Телеграм тиркемелеринде маалыматтарды кабыл ала баштады.
Кызматты колдонуу үчүн Google Play же App Store кызматтарынан тиркемени телефонго көчүрүп алуу керек. Андан кийин "Түндүкэлектр" ААКсын таап, @oaoseverelectrobot дегенди ачуу зарыл. Кызматты "Түндүкэлектрдин" бардык кардарлары колдоно алат. Ошондой эле Бишкек шаарынын, Чүй облусундагы Сокулук жана Аламүдүн районунун тургундары жарыктын өчүп калышы боюнча маалыматтарды жибере алат. Ал үчүн абонент өзүнүн жеке номерин жана телефон номерин жазуусу керек.
Ишкананын басма сөз кызматы билдиргендей, мындай байланыш кардарларга көптөгөн ыңгайлуулукту түзүп, пайда болгон маселени аз убакыттын ичинде чечүүгө мүмкүнчүлүк берет.