Кечээ, 19-январда Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун жетекчилиги менен өткөн Координациялык кеӊештин кезектеги жыйынында парламенттин 24-25-январдагы жыйындарынын күн тартиби бекитилди.
Жогорку Кеӊештин 24-январындагы жыйынында "Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө", "Лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жана башка бир катар мыйзам долбоорлору каралат.
Ал эми парламенттин 25-январындагы жыйынында Жогорку Кеӊештин "Калктуу конуштарды таза суу менен камсыз кылуу жөнүндө" протоколдук тапшырмасынын аткарылышы боюнча өкмөттүк саат өтөт. Андан тышкары, "Жарандык коргоо" сыяктуу бир катар мыйзам долбоорлору да каралмакчы.