Бишкек шаарында акын Эгемберди Эрматовдун жаркын элесине арналган кече өтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 25-январда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Эгемберди Эрматовдун жаркын элесине арналган "Мени издесең ырларымдан табасың" деген аталыштагы эскерүү кечеси өтөт.
Иш-чаранын жүрүшүндө Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрынын студенттери акындын калемине таандык ырларды окушуп, "Нурборбор" чыгармачылык академиясынын балдары өз өнөрлөрүн тартууламакчы.
Эгемберди Эрматов Кадамжай районундагы Пум айылында туулган. Кызыл-Кыя шаарындагы мектеп-интернатын аяктаган соң 1970-1972-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. Ал 1970-жылы Ош педагогикалык окуу жайын, 1979-жылы Москвадагы М.Горький атындагы адабият институтун бүтүрүп, андан кийин "Кыргызстан маданияты" гезитинин адабий кызматкери болуп иштеген. Андан соң "Кыргыз руху" гезитинде, "Мурас", "Тулпар" журналдарында эмгектенген.
Ал эми 2009-жылга чейин он жылдан ашык убакыт Баткен университетинин Кызыл-Кыя шаарындагы Педагогикалык институтунда дүйнөлүк адабияттан сабак берген. 2010-жылдан тартып Жогорку Кеңештин депутаты, ал эми 2013-жылдын 29-апрелинен тартып президентке караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы болгон. Акын 2017-жылдын 23-январында узакка созулган оорудан кийин көз жумган.