Египеттин борбору Каирдеги эл аралык аэропортунда электр энергиясы бир саамга үзгүлтүккө учурады. Чет элдик маалымат булактарында жазылгандай, мындай абалга мышык себеп болгон.
Анда жолбун мышык аэропорттун электр подстанциясына кирип кетип, мүчүлүштүктөрдү жараткан. Анын мындай аракети бир саамга аэропортту жарыксыз калтырган.
"Ал эми мышык өзү ток уруп ошол жерде өлгөн" деп жазылат маалыматта.