Лондондо бийиктикке көтөрүлүүсүнө саналуу мүнөттөр калган учактын учкучу мас абалда кармалды

Лондондун полициясы British Airways авиакомпаниясынын учкучун учак бийиктикке көтөрүлгөнгө саналуу мүнөттөр калганда мас абалында кармады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.

Маалыматка ылайык, каттам Лондондогу "Гатвик" аэропортунан Маврикийге багыт алмак. Андагы жүргүнчүлөр учкучтан алкоголдук ичимдиктин жытын сезип калышып, полиция чакырышкан.

"Полиция учкучтун мас экенин билгенден кийин каттам жылдырылган. Учактагы 300 жүргүнчү кийинки каттамдарга которулган", - деп жазылат маалыматта.

Азырынча бул окуя боюнча авиакомпания билдирүү тарата элек, бирок ал учкуч жумушунан бошотулат деп божомолдогондор көп.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
haydarkan
2018-01-21 00:47:30
Олдуго бул жагы летчиктерге ынсап берсин эми эртен мосавага учат элек кудай сактасындаа))
+16
aliakg90
2018-01-21 01:14:34
Дагы жакшы билип калышыптыр
+11
__anna__
2018-01-21 02:04:12
Болбосо эмне болорун ким билсин. 300 адам мерт кетиши да мумкун эле. Кудай бактасын)))
+9
kamchatka
2018-01-21 03:48:33
Пилотор дайыма эле арак ичип алып учушат мен буну тажырыйбаман билем !
+6
nurbekasr
2018-01-21 07:21:43
Ичсе ичет да,асманда же ГАИ жок болсо тоскудай.
+28
Snejana
2018-01-21 13:06:32
nurbekasr,жардын го. Жыргап кулуп алдым
+7
raykray
2018-01-21 13:18:07
Учкуч?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан