ЖЫЛНААМА, 21-ЯНВАРЬ: Эл аралык кучакташуу күнү

Бул күн 1986-жылы АКШда адегенде Улуттук кучакташуу күнү деп негизделген. Кийинчерээк бул күн дүйнө элдерине жайыла баштаган.

Майрамдык салтка ылайык, бул күнү бейтааныш адамдарды деле жакын досуң катары, ага жакшылык тиледим деген белги менен кучактап койсо болот. Расмий эмес бул майрамды АКШдагы жогорку окуу жайлардын биринин психология факультетинин студенттери ойлоп тапкандыгы маалымдалат.

Бул күндү белгилегендер адамдар бири-бири менен кучакташканда жан дүйнөдөгү жылуулуктары менен алмашышат деп ынандырып келишет. Айта кетсек, кучакташуу күнү ар жылдын 4-декабрында да белгиленет, бирок январь айындагы бул майрамга маани бергендер көбүрөөк.

Психологдор сизди кучактаган адам коопсуздукту, сүйүүнү, камкордукту сезгиси жана сездиргиси келерин айтып келишет. Эл аралык кучакташуу күнү дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө белгиленип, түрдүү акция, флешмоб, чакан иш-чаралар менен коштолот.

21-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kushtari
2018-01-21 11:07:03
Тооба кучакташуу куну деп деле кундорду белгилей беришет екенда ха ха
+1
farida.kg.1991
2018-01-21 11:18:04
Кучакташып жургуло кучакташкыла
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан