Саламаттыкты сактоо министри: "Чүйдө төрөттөн каза болгон аялдын өлүмү боюнча иликтөөнү өзүм көзөмөлгө алам"

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев Чүй облустук төрөт үйүндө көз жарган аялдын өлүмү боюнча иликтөөнү өз көзөмөлүнө ала турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-январда SUPER.KG порталына билдирди.

Министр билдиргендей, кесарево жолу менен төрөгөн аялдын абалы эмнеден оорлоп кеткени боюнча комиссия иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. "Учурда бул маселе боюнча комиссия иликтеп жатат. Аял ооруканага келгенде ден соолугу жакшы эмес болгондуктан кесарево менен төрөтүшкөн. Бирок төрөт маалында наркоз алгандан кийин келин анафилаксия абалына (аллергиянын оор абалы) түшкөн. Каза болгон аялдын жакындары менен сүйлөшсөм дарыгерлер "акча сурашты, бир нерсеге үмүт кылышты" деп күнөөлөшүүдө. Бул нерсенин баары иликтенет. Укук коргоо органынын кызматкерлери да текшериш керек. Карга карганын көзүн чукубайт деген принциптер болбойт. Өзүм көзөмөлдөйм", - деди министр.

Эске салсак, 20-январда Чүй облустук төрөт үйүндө 5 күндөн бери комада жаткан аял эсине келбей көз жумган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, ал 15-январда операция жолу менен көз жарган. "Токмок шаарынын 42 жаштагы тургуну 32 жумалык кош бойлуу кезинде бойдон түшүп калуу коркунучу менен Чүй облустук бириктирилген ооруканасына келген. 15-январда анын жүлүнүнө наркоз берилип, операция жолу менен дарыгерлер төрөтүшкөн. 2 килограмм 800 грамм салмакта төрөлгөн ымыркайдын абалы учурда жакшы. Бирок анын апасынын абалы төрөт маалында начарлап кетип, эсин жоготуп, ошол бойдон көз жумган", - деп жазылат маалыматта.

Чүйдө аял төрөттөн кийин каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Nevestkaa
2018-01-21 13:59:39
Ар дайым эле айтышат өлүм мн аяктаган учурларды өз көзөмөлүмө алам деп,бир жыйынтык чыкса кана.Ар бир бөлүмгө видеокамера коюш кк да озү.Кантип эле акча сурабасын ,жата калып сурашат го толгоо мн алышып барсаң да кызыктырбайт аларды.Бизге өтө күчтүү закон керек ,болбосо бул нерсе токтобойт.
+9
Asel1Aikol
2018-01-21 15:43:45
Карга карганын көзүн чукубайт деген созунузго далил катары эми ушул ишти аягына чейин өзүңүз иликтениз!!!врачтар больницага баш бакканда эле акча сурашаат !айла жок жанын ооруганда бересиң! Роддомго барганда киргенден баштап чыкканга чейин акча акча акча жадагалса калса выписка күнү да акча берип чыгасын! !!
+4
myrzaym
2018-01-21 23:24:38
эн туура врачтар акчага кана карашат акча берип койсон кошомат кылып артындан калбай карашат бербесен кагып силкип жаман мамиле кылышат айла жок беребиз да жанын кыйналганда баарына даяр болобуз
+1
aliakg90
2018-01-22 00:42:45
Жалал абадда роддомдо бир акушерка бир убакта 4 тон аялды торотушот. Ушул туурабы, толгоо менен алышып олоуп атсан да менин сенден башкаларды деле карашым керек да деп кагып силкип кетип калышат. Акчаны эле карап турушат азыраак акча берсе мурдун чуйруп калышат. 10 12 торот болмого тунку сменде 3,4 акушерка караганы туурабы?
Жооп алып бериниздерчи супер суранам
+1
aiza16
2018-01-22 20:37:11
aliakg90,анан эмне 1палатага бир акушерканы койсунбу. Айлыгы 5000болсо. Алар да силер катары жетиштуу жашагысы келет. Суйунчуну кудайдын кулагы суйунсун деп берет ар ким алына жараша.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан