Ат-Башыда 2 бала адашып кетип катуу үшүп калышкан. Учурда балдарды буга чейин Бишкекте иштеп жүргөн апасы карап жатат

Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды айылында таенеси багып жаткан 6 жана 7 жаштагы бир тууган балдар 12-январь күнү кечинде адашып кетип район борборунан милиция кызматкерлери тарабынан табылган. Алар катуу үшүп калышкандыктан ошол замат ооруканага жеткирилген. Учурда апасы келип, өзү карап жатканын SUPER.KG'ге Нарын ОИИБинин маалымат катчысы Медина Султангазиева кабарлады.

Султангазиеванын айтымында, балдар 3-4 саатка жакын убакыт көчөдө жүрүп калышкан.

"Кечки саат тогуздарда эки милиция кызматкери Үй-бүлөлүк медицина борборунун имаратынын алдынан өтүп баратып балатынын жанында турган эки кичинекей балдарды көрүп калышкан. Жанына барып эмне кылып жүрүшкөнүн сурашса, алар адашып калганын айтышкан. Балдар катуу үшүп калгандыктан дароо ооруканага алып барып дарыгерлердин кароосунан өткөрүшкөн. Балдардын саламаттыгы жакшы абалда болгондуктан таенесине өткөрүлүп берилген. Кийин Бишкекте иштеп жүргөн апасы чакыртылып, азыр апасы өзү карап жатат", - деди Султангазиева.

Айта кетсек, балдар кечки саат 17:30 чамаларында айылдын ичинде ойноп жатышып, караңгы кирип калганда адашып кетип район борборуна кетип калышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aruwka.89
2018-01-21 19:13:16
Аман эсен табылганы жакшы экен
+4
Jangazy
2018-01-21 20:41:25
Милициялар молодцы ушинтип иштеш керек,сурабаганынарда булар суукта тонуп калышы мумкун
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан