Казакстанда тарыхчылар президент Нурсултан Назарбаевдин "Көз карандысыздыктын доору" деп аталган китебин окуу программасына киргизүүнү сунушташкан. Мындай чечим Казакстандагы тарыхчылардын улуттук V конгрессинде кабыл алынгандыгы жөнүндө жергиликтүү маалымат булактары жазууда.
Сунушту тарыхчылар Казакстандын Билим берүү жана илим министрлигине жолдошкон. Демилгечилердин айтымында, президенттин китеби - Казакстандын жаңы доорунун тарыхын баяндаган укмуштуу басылма.
"Китеп жеткиликтүү тилде, конкреттүү фактылардын негизинде жазылган", - деген тарыхчылар аны бир нече тилдерге да которуу керектигин билдиришкен.
"Бул эксперттик ой, баа. Көз карандысыз Казакстанды курган адамдын өзүнүн көз карашы. Буга байланыштуу бул китеп тарыхчылар үчүн гана эмес, бүтүндөй казакстандыктар үчүн, Орто Азия жана бүтүндөй дүйнө элдери үчүн баалуу", - деп эсептей тургандыгын тарых илимдеринин доктору Зиябек Кабулдинов билдирген.
Айта кетсек, аталган китептин бет ачар аземи 2017-жылдын 15-декабрында өткөн.