Дубайда Кыргыз өлкөсүнүн жараны сынактан 136 миң доллар утуп алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, Дубайда өткөн "Al Ansari Exchange - Winter Promotion-2017" сынагында баш байгени Саида Жээнбаева утуп алган.
"Кыялыңдагы үй" деген ат менен таанымал болгон бул сынактын белектерин ойнотуу түз эфирде болгон. Жеңүүчү Жээнбаева 500 миң дирхам, тактап айтканда, 136 миң доллар утуп алган.
Ага сынакка катышуу мүмкүнчүлүгү Al Ansari Exchange компаниясынын филиалдарынын биринде акча алмаштыргандыгы үчүн берилген. Ал бул акчаны Кыргыз жергесинде өзүнө үй сатып алууга жумшай тургандыгын билдирген.
"Мен азыр менде болуп жаткан толкундоолорду, кубануу сезимин сөз менен айтып жеткизе албайм. Мен башында акча утуп алганыма ишенген жокмун. Эми менин мекенимде үй сатып алам деген кыялым ишке ашканы турат", - деп билдирген Жээнбаева.
Бул иш-чарада акчалай сыйлыктан сырткары 1 килограмм алтын, iPad Pro жана iPhone X планшет, смартфондору ойнотулган. Бир килограмм алтынды индиялык Кулдип Сингх аттуу жаран жеңип алган.