Депутат Жээнбеков: "Мурда бир да унаа техникалык кароодон өтчү эмес, баары эле коррупциялык жол менен өтүп келген"

Бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңештеги агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети өлкөдө ЕАЭБ талаптарына ылайык экологиялык таза мунайга өтүү маселесин карады.

Долбоор боюнча, өлкөдө бензинди евро стандарттагы категорияга өткөрүү пландалган. Анда депутат Асылбек Жээнбеков таза бензинге өтүү менен Бишкектеги негизги түтүн маселесин чечүүгө болорун айтты.

"Бүгүнкү күндө абанын булганышынын эки себебин айтып жатабыз. Бири автоунаадан чыккан түтүн, экинчиси жеке үйлөрдө көмүр жагуудан чыккан түтүн. Эми биз үйлөрдү карабай эле туралы. Унааларды караганда, абаны таза кармоо үчүн күйүүчү майдын сапатын жакшыртуу керек. Техникалык кароону киргизебиз деп жатасыздар. Техникалык кароо менен маселе чечилбейт. Бишкекте мындан төрт эсе унаалар аз кезде деле биз аны көзөмөлгө ала алган эмеспиз. Анда бир да унаа техникалык кароодон өткөн эмес, баары эле коррупциялык жол менен өтүп келген. Ошондуктан бензинди ЕАЭБдин стандартына өткөрүү жолу менен түтүн маселесин чечсек болот", - деди Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Bolunbo.kyrgyz
2018-01-22 11:08:38
Туура айтат атамбаевти бийлике жолотпогула кетсин
+6
zevs
2018-01-22 11:12:57
en tuura men koshulam. teh karoo kirse jon ele bironun chontogun tolturabyz.
+6
RusMos76
2018-01-22 11:27:13
Мурда каякты карап отурдунар эле!
+5
Muratmipa
2018-01-22 11:52:49
Туптуура машинен норма болсо деле акча бересин начар болсо деле акча бересин
+4
salimbek87.kg
2018-01-22 12:24:13
Туура айтыптыр ++++
+2
juma11anara
2018-01-22 13:58:27
Евростандарт ЕАЭБ стандарты........
Жеке өзүбүздүн стандарт жокпу Кыргыз стандарт же Кыргызча стандарт дегендей. Эмнеге биз Евростандарт менен ЕАЭБ стандартына өтүшүбүз керек?
0
zamir_88
2018-01-22 15:14:39
Туп туура
0
killer5
2018-01-22 19:46:55
Туура айтыптыр Жээнбеков мырза, бирок таза май 55 сом дегенде!!! Кыргыз элим кантеткен.?
+1
jbolotov
2018-01-22 20:46:17
Мамлекетте акча жок эми тутун деген болуп техосмотрду шылтоолоп чыгышканго. Техосмотрдан жарытылуу акча бюджетке тушбосо керек, баягы эле коррупциялык схемалар башталатда.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан