Кыргыз өлкөсүндөгү мунай заводдорунун бири да "евро" стандарттагы бензин чыгара албайт

Кыргыз өлкөсүндөгү мунай заводдорунун бири да "евро" стандарттагы бензин чыгара албайт. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Расул Артыкбаев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин отурумунда депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

"Кыргыз өлкөсүндө Токмок, Кемин, Кочкор, Балыкчы, Кара-Балта, Жалал-Абад шаарларында мунай өндүрүүчү заводдор бар. Анын ичинен Жалал-Абад менен Кара-Балта шаарларындагы заводдор гана иштеп жатат. Калган заводдор түрдүү себептер менен токтоп турат. Бирок бул заводдордун бири да "евро" стандарттагы бензинди чыгара албайт", - деди Артыкбаев.

Ал эми экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков өлкөдө өндүрүлгөн мунайдан көбү сыртка экспорттолуп жатканын айтты.

"Бүгүн бул заводдор өндүргөн мунайларын ички жана тышкы базарларга сатып жатышат. Биздин өндүрүүчүлөр көбүнчө сыртка сатышат. Эгер биз ЕАЭБ талаптарына ылайык таза мунайга өтө турган болсок, биздин өндүрүүчүлөр заводдорду кайра жаңы стандартка келтирип чыгышы керек", - деди Сазбаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
didu
2018-01-22 11:57:28
урматту депутаттар ушул тажиктерге кеткен бензовоздорду козомолдоп, озубуздо бензинди арзандатыштын жолун издесенер боло,
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан