Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Мырзаке айылында 18-19 жаштагы балдардын жаңжалынан улам бир бала бычактан жаракат алып ооруканага түштү. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алардын билдирүүсүнө караганда, окуя 20-январда болгон.
"Түндө саат 22:00дөр чамасында 18-19 жаштагы төрт бала сүйлөшүп отуруп, пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен. Натыйжада 19 жаштагы бала бычактан алган жаракатынан улам ооруканага түшкөн. Ага бычак сайган деп шектелип, 18 жаштагы балдардын бири кармалды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.