Бишкектеги коомдук транспортторду газга өткөрүү сунушталды

Бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңештеги агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети өлкөдө ЕАЭБ талаптарына ылайык экологиялык таза мунайга өтүү маселесин карады.

Долбоор боюнча, өлкөдө бензинди евро стандарттагы категорияга 2021-жылга чейин өткөрүү пландалган. Бирок депутаттар коомдогу экологиялык маселени эске алып, таза мунайга өтүүнүн убактысын 2019-жылга чейин кыскартууну сунушташты.

Ал эми депутат Абдимуктар Маматов Бишкектеги экологиялык абалды жакшыртуу менен түтүн маселесин чечүү үчүн шаардагы коомдук транспортторду газга өткөрүүнү демилгеледи.

"Шаардагы муниципалдык транспорттордун баарын газга өткөрүү керек. Бул арзан, бат эле өзүн актайт. Экологиялык жактан да зыянсыз. Экинчи жактан алганда бензинди кайра сатып жибериши да мүмкүн. Ал эми газды кайра сатууга мүмкүн эмес. Такси кызматын көрсөткөн унааларга уруксат берилип жатканда да бул маселени карап көрүш керек", - деди Маматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан