2019-жылдан тартып бензиндин евро стандарты киргизилип, баасы 10 сомго чейин жогорулашы күтүлөт

Бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде өлкөдө ЕАЭБ талаптарына ылайык, экологиялык таза мунайга өтүү маселеси каралды.

Долбоор боюнча, өлкөдө бензиндин евро-5 категориясына 2021-жылга чейин өткөрүү пландалган. Бирок депутаттар коомдогу экологиялык маселени эске алып, таза мунайга өтүүнүн убактысын 2019-жылга чейин кыскартуу менен мыйзамды экинчи окууда кабыл алды.

ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн техникалык талаптарына ылайык, Орусия бензиндин бул категориясына 2017-жылы өтсө, коңшу Казакстан жакын арада өтүүнү пландап жатат. Учурда Кыргыз өлкөсү евро-3 үлгүсүндөгү бензинди пайдаланат.

Буга чейин мыйзам биринчи окууда каралып жатканда Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов бензиндин евро-5 үлгүсү базар баасында күйүүчү майдын 10 сомго чейин жогорулашына алып келе турганын айткан.

"Бишкекке күнүнө 40 миңге чукул унаа кирет. Учурда Кыргыз өлкөсү евро-3 категориясындагы бензинди колдонот. Евро-5те зыяндуулуктун деңгээли учурдагы күйүүчү майдан 50 эсе аз. Бул менен баа көтөрүлөт. Менин оюмча, бул 10 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн", - деп билдирген Рустамов.

Өкмөт мүчөлөрү билдиргендей, евро-5 үлгүсүндөгү бензинди чыгаруу үчүн жергиликтүү “Жунда” жана "Кыргызнефтегаз" ишканаларын модернизациялоо зарыл. Ал эми өлкө 2019-жылдан тартып евро-5ке өтө турган болсо, бул үлгүдөгү күйүүчү май кадимки шартта ЕАЭБге кирген өлкөлөрдөн импорттолот. Жергиликтүү өндүрүүчүлөр евро-5 өндүргөнгө чейин ички базарга товарларын сатууга тыюу салынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
saipidin
2018-01-22 14:16:23
Мага чын журоктон баары бир
-8
kushtari
2018-01-22 14:19:42
Бир аз иштеп чондорубуз жумуш орундарды тузуп анан которсо жакшы болот эле жумуш орундар жок айлыктар аз бирок баары кымбаттап баратат
+15
Aman0301
2018-01-22 14:29:04
Мунун кереги жок евро стандартын
+9
Hadyja
2018-01-22 14:52:42
Ат арабаларды ойлоп чыгара баштаган заман келди окшойт.Жол кирелер да кымбаттайт да анда.Бийлике соз жок.
+8
stal.ks
2018-01-22 14:54:42
евро 5 деп туруп евро 3 сатат эми
биз кантип билмекбиз кандай бензин экенин
+12
Bolunbo.kyrgyz
2018-01-22 15:14:26
Ошол бензинди текшере турган апаратын да кошо алыш керек евро 5 пи же 2би ким билсин
+5
zevs
2018-01-22 15:22:08
orus oyundagysyn kylat. karapayim kalkty dele oyloso bolmok 10 som kymbattasa bizge ele kiyin eken da tapkan aylyk 10000 som bolso je diykanchylyk kyla albaysyn bawka jakka kochup ele ketiw kerek bolup kaldy
+2
Erkinbek1978
2018-01-22 15:24:46
Азыр элди ойлобой эмнени ойлоп жатышат негизи адамдарбы же эшектерби өйдө жактагылар
+6
Abdyrawit
2018-01-22 15:31:32
Менимче евро 5 стандарттын тандап жатканыңар жакшы.... Бирок Кыргызстан мындайга али даяр эмес.. Дагы үч-Төрт жыл мыкты даярдыкты талап кылат... 2019-жылы шашылыш өтүп жатканыңар, башаламандыкты жаратат.. Айрымдар үчүн биснеске айланып кетиши ыктымал.
+8
BarsBaatyr
2018-01-22 18:37:52
Бишкеке евро 5иңерди киргизе бергиле.Региондордо евро 3 эле болот.Карапайым калк үчүн 1 сом кымбаттаганы дагы кыйын болуп турат.10 сомго көтөрсөңөр анда элге өтө эле кыйын болуп калат.Эл кыйналса көтөрүлүш болот.
+4
Alixan-Nookat.2015
2018-01-22 19:50:59
Биздин жеп жутарлар евро 3ту евро 5 деп сатышатда сол чөнтөккө салып коюшат элдин бийликке деген ишеними жок калды. Эгер 10 сом кымбат болсо авто унаа айдабай эле койгонго туура келет экен курсакты араң тойгузуп жүргөндө.
+5
Ayka1994
2018-01-23 15:58:25
Айлык акыга да евростандарт кылып евро менен толоп калсанар кана эх эх
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан