Депутат Садык Шер-Нияз маданият тармагын каржылоо натыйжалуу болбой жатканын айтты

Бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында "Ата Мекен" фракциясынан депутат Садык Шер-Нияз маданият тармагын каржылоо натыйжалуу болбой жатканын айтты.

"Каржы министрлигинин көзүнөн акча айланып калган. Руханий жактан көзгө көрүнгөн адамдары жок мамлекет эч качан өнүкпөйт. Маданиятты жок кыла турган болдуңар. Азыр ушул жерден бириңер да бир жаңы чыккан жазуучуну же опера ырчысын атай албайсыңар. Ким айта алат? Ким кайсы жаңы жазуучуну колдоп, даңазалап жатат? Эгемендүүлүктөн бери бизде 2 миңден ашык депутаттар, 50дөй премьер-министр, 5 президент болду. Келечекте эмне биздин элиталар Тойота Ленд Крузер 200 үлгүсүндөгү унаа айдап жүргөн деп мактанасыңарбы? Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, чечкиндүү иштей албасаңар ушул замандын наалаты силерге тиет", - деди Садык Шер-Нияз.

Эл өкүлү өткөн жылы "Тайлак баатыр" тасмасын тартууга 100 миллион сом бөлүнгөнүн билдирип, ага жарыяланган сынакка бир да режиссёр келбей койгонун белгиледи. Анын айтымында, мындан улам маданият кызматкерлеринин өкмөттөн көңүлү сууп калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан