Эмгек жана социалдык өнүгүү министри сүйүнчү пул алуунун жол-жобосун түшүндүрүп берди

Бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова депутаттарга сүйүнчү пул алуунун жол-жобосун түшүндүрүп берди.

"Сүйүнчү пул боюнча өкмөттүн токтому кабыл алынган. Январь айынын сүйүнчү пулу февралда берилет. Январдын арыздары учурда кабыл алынып жатат. Бул жерде тоолуу аймактарда жогорулатылган шартта 6 миң сом болуп кетет экен, аны жолго салып койдук. Азыр жаран Мамлекеттик каттоо кызматынан күбөлүк алып, эсеп ачып телефон номерин калтырып кетет. Каражатты Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги которот", - деди Исакунова.

Ал эми КСДП фракциясынан депутат Гүлкан Молдобекова министрдин жообуна канааттанбаганын айтты.

"Бала төрөлгөндө сүйүнчү пулду төрөт үйүнөн алып чыгып кетиши керек. Мыйзамда ошондой жазылган. Мыйзамдын аткарылышын талап кылабыз. Ата-эне арыз, кат жазып, эч жакка барбашы керек. Өкмөт, катаны моюнуңарга албай жатасыңар", - деди Молдобекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Nurik1988
2018-01-22 16:34:56
Туура торот канадан алып чыгып кетиш керек суйнчу акчаны!! Барибир торолгон эки уч кун жататко больницада ошол убакта дачардык коруп чыгып кетип жатканда бериш керек
+8
Ermekbai
2018-01-22 16:59:21
Nurik1988,төрөт канада берсе врачтардын күнү туатго. Чыкканда берсе да болоберет. Негизгиси берсе болду.
+1
Nurik1988
2018-01-22 18:09:10
Ermekbai,Торот канадан алганы жакшы. Суйунчу акчаны алам кайактасын барат Жаны торогон аял кыйналып. Эн жакшысы торот канадан алганы жакшы
+2
isnur93
2018-01-23 02:31:37
Nurik1988,тороткондорго Кудайым берип эле калат анда,и так док урунуп жатып суйунчу алат,андай болсо алганында эле каарыздай доолап алышат.
0
aerforce
2018-01-22 16:45:40
Гүлкан Молдобекова туптуура айткан ошол жерден канча болунсо ошону алып кетиш керек чыгат анан акылдуулар газета берип даагы бирдемелерди берип азырда айылдарда пособия пенсияларга газета даагы бирдемелерди кошуп акчасын кыскартып беришет
+4
luuntik
2018-01-22 17:17:12
уфф куйдурот да ушулар озунун чонтогунон бергенсип, торот уйунон бириш керек арыз-парызын жыйнаштырып эле, анча-мынча арыз жазбай калгандардыкын оздору жеп коюшат да бул чон курсактар
+1
Ayselim
2018-01-22 17:27:05
Торотканада алсак накта суйунчу пул болмок
+4
shirin_kyz88
2018-01-22 17:33:19
Торотканада берсе эн туура болмок,а то энелер оздору тороп бир айда аран оздоруно келишет ал акыбалдары мн каяка жугурушмок эле. Бала торолгонун тастыктаган справка беришсин да торот уйдон чыккыча беришсе туура деп ойлоп койдум.
+3
Baha-kyrgyz
2018-01-22 18:29:00
Шайлоодо суйунчу акча 50 мин беребиз дешти эле. Кобунчо Кыргызстан партиясы азыркы спикер баш болуп айткан. Калпычылар!
+3
Bolunbo.kyrgyz
2018-01-22 18:34:41
Тазззале тырыштынарго торот канадан тороп жатканын суротко тартып жонотуш кереек дешетго бул кетиште
0
Nevestkaa
2018-01-22 19:17:40
Төрөт канада берсе таптакыр болбойт менин оюмча,врачтар ага буга дем омкоруп калышат.Төрөгөн күндөн алты айга чейин жашаган жеринен айыл өкмөт,шаар,райондон алганы оң.Врачтардын сүйүнчү алганы деле жетишет ошол жагын аш кылып алышсын а то врачтарыбызды жарып албайлы.
0
nazira1989
2018-01-22 19:37:47
Урматтуу суперчилер менин суроомо да жооп издеп коргулочу: Мен откон жылы октябрь айында тородум,озум мектепте иштейм,азыр декретный отпусктамын.Суйунчу пулга,пособиеге тапшырайын десем биздин айыл окмотто иштегендер сен иштейт экенмин,сага пособие да суйунчу пул да чыкпайт деп жатышат.Бул маселе кантип чечилет,деги жол жобосу барбы,же мектепте иштейбиз деп пособие албайбызбы???
-1
kanybek1986
2018-01-22 22:25:59
nazira1989,эски жылда төрөлгөн бөбөктөргө суйунчу акча берилбейт 2018- жылдын январь айындан баштап төрөлгөн балдар алышат
0
nazira1989
2018-01-23 18:18:34
kanybek1986,мен азыркы закон боюнча эмес,эски жылдагы закон боюнча да тапшыра албай жатам да пособиеге,эмнеге мектепте,же мамлекеттик мекмеде иштегендер пособиеге тапшыра алышпайт?Айылдагы айлык менен жашоо кыйын да,анын устуно уйдо жалгыз озун иштесен.Эми декретте болуп айлык да жок,пособиеге тапшырсан отпой жатат,жашоо шартыбыз оор болгон учун жардам сурап жатам да суперден,билип берсенер.Алдын ала рахмат.
0
admin_superstan
2018-01-23 10:37:53
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
-FREEDOM-
2018-01-22 20:40:47
Назира 89 га менда кошуламын.
0
doni-beku
2018-01-22 20:42:33
Назира закон али кучуно кирелек уч айдан кийин кучуно кирет. Ошондо иштегендерге да машинасы барларга да берилет.
+1
Ayida
2018-01-22 23:46:30
doni-beku,оозуна май.Бирок неге эски жылдагыдай эле колунда жоктор гана алат деп атышат?Пасобиени
0
Ayida
2018-01-22 23:47:49
Туура торот уйдон эле берсе жакшы болмок! Мыйзам чегинде иш кылгыла. Оздору кырк кун жатса дем алып жаны торогон эне анан ары бери бастырбай эле торот уйунон берсенер болмок
0
aigulu
2018-01-23 05:05:46
Торотканадан берилиши туура эмес менин оюмча, анткени кээ бир аймактарда больницадан туулгандыгы тууралуу куболук албай эле чыгышат.Суйунчу пулга баланын туулгандыгы тууралуу куболук керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан