"Ата Мекен" партиясынын юристтери УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевге жана президенттик аппараттын мурдагы башчысы Алмаз Үсөновго каршы Бишкек шаардык сотко кайрылат. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда SUPER.KG порталына аталган партиянын юристи Таалайгүл Токтакунова билдирди.
Токтакунованын айтымында, Биринчи Май райондук соту отурумду алардын катышуусуз өткөргөн.
"Ата Мекен" фракциясынан депутаттар Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова жана мурдагы фракция лидери Өмүрбек Текебаев УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаев менен президенттик аппараттын мурдагы башчысы Алмаз Үсөновго соттон утулушкан.
Айта кетсек, 2016-жылдын 14-ноябрында ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алган. Анда Белиз мамлекетинин расмий органдарынан апостиль алынганын билдирген. УКМКнын башчысынын билдиришинче, ал документтер 2012-жылы жогорку кызматта турган 3 адам "Мегакомдун" акцияларын сатуудан түшөт делген 50 миллион доллардан ашык акчаны оффшордук компанияга чыгарууга кызыкдар болгонун күбөлөндүрөт. Документте Өмүрбек Текебаевдин жана депутаттар Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянованын аттары аталган.
Кийин бул боюнча 2017-жылдын март айында "Ата Мекен" партиясынын депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова жана мурдагы "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жалган маалымат таратып беделибизге шек келтирди деп сотко кайрылышкан. Алар Абдил Сегизбаев аталган маалыматты айтса аны президенттин басма сөз кызматы тараткан деп анын ал кездеги жетекчиси Алмаз Үсөновдун үстүнөн да сотко кайрылышкан.
Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова моралдык чыгым катары эч кандай компенсацияны өндүрүп алууну каалашкан эмес. Бирок Өмүрбек Текебаев моралдык чыгым катары 60 миллион сомду өндүрүп берүүнү соттон өтүнгөн.