Президент өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын долбоорунун жүрүшү менен таанышты

Бүгүн, 22-январда президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын улуттук кеңешинин катчысы Нурсулу Ахметованы кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын долбоору талкууланды.

Нурсулу Ахметова Сооронбай Жээнбековго узак мөөнөттүү стратегиянын долбоорун иштеп чыгуу кеңири коомдук талкууну эске алуу менен жүргүзүлүп жатканын билдирди.

"Туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын улуттук кеңешинин катчылыгы өкмөт менен бирге улуттук стратегиянын долбоорун кеңири талкуулоону уюштурган. Бардык кайдыгер эмес жарандар, жарандык коомдун өкүлдөрү жана мамлекеттик түзүмдөр үчүн өлкөнүн өнүгүшүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын иштеп чыгууга өз салымын кошууга ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Кеңештин катчылыгына мамлекеттик органдардан, парламенттик фракциялардан, депутаттардан, жаштардан, ишкерлерден, өлкөнүн аймактарынан, академиялык коомчулуктан, эл аралык уюмдардан өлкөнүн өнүгүүсүнүн ар түрдүү маселелери боюнча 80ден ашуун сунуштар жана ой-пикирлер келип түштү", - дейт Нурсулу Ахметова.

Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын стратегиялык өнүгүшүнүн узак мөөнөттүү максаттарына жетишүүсү өлкөнүн аймактарынын бирдей өнүгүшү, экологияга аяр мамиле жасоо маселелери менен тыгыз байланыштуу экендигине көңүл бурду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан