Социалдык фонддон минималдуу пенсиядан да аз алгандар боюнча түшүндүрмө беришти. Алар эмгек тажрыйбасы талап кылынган мөөнөткө жетпей калгандар. Бул тууралуу Социалдык фонддун коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеӊишбек Мукамбетов бүгүн, 22-январда SUPER.KG порталына билдирди.
"Сиздерге кайрылган жарандардын үчөөсү 55 жаштан 58 жашка толо электе документтерин тапшырып, 33-36 жылдык эмгек тажрыйбасы менен пенсияга чыгышыптыр. Негизи ар бир пенсия алган адамдын биринчи жаш курагы, андан кийин эмгек тажрыйбасы маанилүү. Мисалы, сиздерге кайрылгандарды бири Мубарак Төлөбаева 33 жыл 3 ай эмгек тажрыйбасы менен 55 жашында пенсияга чыккан. Ага азайтылган өлчөмдө 1157 сом пенсия чектелген. Эгер жашы жетип, талап кылган эмгек тажрыйбасы аз болсо анда базалык бөлүктөн алган пенсиянын суммасы кыскартылган өлчөмдө чыгарылып, 1780 сомдон аз берилет. Мыйзамда ошондой нормалар каралган.
Эркектер 63кө, аялдар 58 жашка чыкканда алардын пенсиясы дагы бир жолу эсептелинет. Бирок алар мөөнөтүнөн мурун аванс катары алган сумманы кайра "кусуп" беришет. Мына ушул азайтылган өлчөмдөгүсү элге түшүнүксүз болуп жатат. Ошондуктан бул боюнча демилге көтөрүп жатабыз, ишке ашып кетсе аталган норма жокко чыгарылат.
"Ал эми "пенсия же жөлөк пул алганы почтага баргандарга кааласа-каалабаса гезит кошуп беришет" деген туура эмес маалымат. Биз бул боюнча бүт жерде айтып жүрөбүз. Эч ким акчадан башка эч нерсе албашы керек. Бул эми почталардын жер-жерлерде өздөрүнүн жүргүзүп жаткан саясаты. Эгер ошондой маалыматтар келсе жерине барып текшерүү жүргүзөбүз. 2000-жылы ун, май менен пенсия берген учурлар болгон. Бул 2003-2004-жылдары токтотулуп, акыркы 15 жылдан бери баары акчалай түрдө алышат", - деди Жеӊишбек Мукамбетов.
Буга чейин Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаров өлкөдө эң аз пенсия алгандар дыйкандар экенин, алар 1800 сом пенсия ала тургандыгын билдирген. Абжапаровдун бул билдирүүсүнөн кийин эң аз пенсия 1800 сом эмес экендигин пенсионерлер жана алардын жакындары SUPER.KG порталына кабарлашкан.