Орусияда окуучуларга социалдык түйүндөргө катталууга тыюу салуу сунушталды. Мамлекеттик думада сунушталган долбоорго ылайык, 14 жашка чейинки өспүрүмдөр социалдык түйүндөргө катталышы үчүн балдардын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдук каты болушу керек. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, 14 жашка чейинки өспүрүмдөргө социалдык тармактарда өзгөчө эрежелер киргизилип, алардын туугандары аккаунттун түзүлүшү үчүн кат бериши керек. Бул эрежелерди тартипке келтирүү милдети социалдык желелердин ээлик кылуучуларына жүктөлөт. Мыйзам бузулган учурда ээлик кылган жеке жактарга 5 миң, кызмат адамдарына 50 миң, юридикалык жактарга миллион рублга чейин айып салынат.
Бул мыйзам өткөн жылы да сунушталып, Мамлекеттик думанын төмөнкү палатасы колдогон эмес. Буга социалдык түйүндөргө бардык катталуучулар жеке маалыматтарын бериши керек деген норма себеп болгону айтылат.
Интернеттин өспүрүмдөргө таасири туурасындагы талкуулар, Орусиянын аймактарындагы окуучуларга, мугалимдерге кол салган балдардын окуясынан кийин курчуган. Эске салсак, 15-январда Орусиянын Пермь шаарында бычак менен куралданган эки өспүрүмдүн урушунан улам 13 адам жаракат алган. 19-январда Орусиянын Бурятия Республикасынын Улан-Удэ шаарында сабак өтүлүп жаткан класска кирип барган эки өспүрүм мугалимди жана окуучуларды балта менен чапкылап, бөлмөнү өрттөп жиберишкен.
Кийинчерээк Пермдеги окуяга катышкан балдардын бири ВКонтакте түйүнүндөгү 1999-жылы АКШнын Колумбайн мектебинде массалык өлтүрүлгөндөргө арналган топтун баракчасында катталганы белгилүү болгон. 1999-жылы Колумбайн мектебинде 2 чоң класстын окуучулары 13 адамды атып өлтүрүп, 20дан ашуун балдарды жарадар кылган. Бул окуядан кийин окуучулар өз өмүрүнө кол салышкан.