Премьер-министр Сапар Исаков 22-25-январда Швейцариянын Давос шаарында өтүүчү Дүйнөлүк экономикалык форумдун 48-сессиясынын ишине катышат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Өкмөт башчынын экономикалык форумга катышуу алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулардын өтүшү, анын ичинде ири эл аралык компаниялардын жетекчилери менен жолугушуусу күтүлүүдө.
Кыргыз тараптын расмий делегациясынын курамында Швейцариядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчи Данияр Мукашев, Сапар Исаковдун кеңешчилери Талант Султанов жана Гүлнура Төралиева, өкмөттүн эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков жана "Кыргызтелеком" ААКсынын директорлор кеңешинин төрагасы Азиз Солтобаев бар.