Мындан 20 жыл мурун, 1998-жылы 23-январда Кыргыздын алгачкы космонавты Салижан Шарипов америкалык 89-экспедициянын курамында биринчи жолу космоско учкан. Салижан Шарипов америкалык "Ендевор" кемесинде Флориданын Канаверал кысыгынан космоско көтөрүлгөн. Ал космосто баш-аягы 8 күн болгон. Салижан Шариповдун эрдиги Кыргыз Республикасынын Баатырдык наамы менен бааланып, Бишкек мэриясы ага үч бөлмөлүү үйдү белекке берген.
23-январга карата жылнаама.