Бүгүн, 23-январдан баштап ажылык сапарга каттоо башталгандыгын муфтият маалымдады. Маалыматта белгиленгендей, ажылык сапарга бара турган жаран алдын ала төлөнүүчү 500 долларды жана кайтарымсыз 1000 сом акча каражатын канчалык эрте төлөп катталган болсо, анын электрондук тизмедеги орду ошончолук жогору болуп, ажылык сапарына баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Электрондук каттоого катышып, ажыга бара тургандарга коюлган талаптар:
1. 2018-жылы ажыга каттоо тартиби бир гана биометрикалык паспорттун негизинде жүргүзүлөт.
2. Ажылык наркынын ичинен (калькуляцияда көрсөтүлгөн) алдын ала 500 доллар РСК банкына (ажылык-2018 счётуна) төлөгөндүгү тууралуу квитациянын түп нускасы.
3. Ажыга катталуу үчүн кайтарымсыз төлөмдүн РСК банкына (ажылык-2018 эсебине) төлөнгөн (1000сом) квитациясынын түп нускасы.
4. Ажыга баруучунун жашаган жериндеги каттоосу 2017-жылдын 20-августунан бери болбошу шарт. (Эски паспорттун мөөнөтү бүтүп алмаштыргандан башкасы).
5. Жалпы жарандык паспорту. Биометрикалык паспорт менен жалпы жарандык паспорт бир баракка көчүрүлүүсү зарыл. Жалпы жарандык паспортунун жарамдуулук мөөнөтү 2019-жылдын 20-февралына чейин бүтсө жараксыз.
6. Аял киши үчүн махрамдын (жакын туугандарынын бири) болуусу шарт. Күйөөсү менен барса нике күбөлүгү, ал эми махрамы менен барса туулгандыгы тууралуу күбөлүк талап кылынат. 1973-жылы май айында төрөлсө метирке же нике күбөлүгүнүн көчүрмөсү талап кылынат. Ал эми июнь айында төрөлсө документ түп нускасы талап кылынат.
7. 3х4 көлөмүндөгү 4 даана сүрөт. Сүрөт түстүү, ак фондо, жылтырабаган кагазда болуусу шарт.
(Аялдар үчүн сүрөткө ак жана кара жоолук, ал эми эркектер ак көйнөк жана ак баш кийим менен түшкөнгө болбойт, фотошоп программасы менен оңдолуп-түзөлгөн сүрөттөр жараксыз деп таанылат).
8. №086 формасындагы медициналык аныктама.
9. Персоналдык маалыматтарды иштеп чыгууга макулдугун берген катка кол коюу. ID-карт паспортунда көрсөтүлгөн колу гана жарактуу.
10. Келишимге кол коюу жана ажылык серверге киргизүү. (ID-карт паспортунда көрсөтүлгөн колу гана жарактуу).
11. Ажылык визасын алуу үчүн анкетага кол коюу. (Жалпы жарандык паспортунда көрсөтүлгөн колу гана жарактуу).
12. Ажыга баруучунун кийиминин өлчөмүн жана байланыш телефонунун номерин каттап жаткан операторго берүүсү талап кылынат.
13. Ажылыкка баруучу жаран 18 жаштан жаш болбошу шарт (2018-жылы 18 жашка толуучу жарандар ажыга барууга укуктуу).
14. Сауд Арабиянын ажылык базасынан (Масал электрония) виза алуу учурларда, мурда ажыга барган талапкерлерге калькуляциядан тышкары кошумча төлөмдөр пайда болсо, ажыга баруучу талапкер өзү төлөйт (Бул маалыматты операторлор, мурда ажыга барган ар бир ажыга бара турган жаранга тааныштырып, келишимге кол койдурат).
Муфтият жогорудагы талаптар өзгөртүлсө кошумча билдирүүлөр таратыларын кошумчалады. Каттоо боюнча жаралган суроолорго Кыргыз мамлекетинин мусулмандар дин башкармалыгы 0 (312) 48-61-67, 0778, 0558, 0708 48-61-67 номерлери аркылуу жооп берет.